Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 84

22-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдарда маймыл чечегине чалдыккандардын саны көбөйгөнүн билдирген.

Испаниянын баш калаасынын райондорунун биринде жайгашкан гейлер үчүн сауна маймыл чечеги илдетинин очогу болуп калды. Бул тууралуу британиялык Daily Express гезити Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен билдирди.
Мадриддин саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Энрике Руиздин айтымында, Испания боюнча маймыл чечегине чалдыккан 30 учурдун 24ү жергиликтүү гей саунасы деп аталган мекемедеги эпидемияга байланыштуу. Бул фактыны Саламаттыкты сактоо министрлиги бейтаптарды алгачкы сурамжылоодон кийин аныктады.
«... илдетти жуктурууну көзөмөлдөө, инфекциянын чынжырын үзүү жана бул вирустун жайылышын мүмкүн болушунча азайтууга аракет кылуу үчүн саламаттыкты сактоо министрлиги дагы кылдат талдоо жүргүзөт», - деди Руиз. Буга чейин британ дарыгерлери маймыл чечеги менен ооруган адамдар менен байланышта болгон жарандарга 21 күн бою өзүн-өзү изоляциялоого үндөгөн сунуштарды беришкен. Чечекти жуктуруп алуу коркунучу бар адамдарга аялуу топтордон: кош бойлуу аялдардан, 12 жашка чейинки балдардан жана иммунитети начар адамдардан алыс болуу сунушталды.
22-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамдарда маймыл чечегине чалдыккандардын саны көбөйгөнүн билдирген.
Буга чейин 92 учур лабораториялык жактан тастыкталып, 28и боюнча изилдөө иштери жүрүп жатат. Маймыл чечеги Африканын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Бенин, Габон, Кот-д'Ивуар, Конго, Сьерра-Леонеде эндемикалык болуп саналат.

Иллюстративное фото


Булак: Баракелде