Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 84

1993-жылы кол коюлган келишимди бузуу тууралуу резолюция 13-майда кабыл алынган.

Польшанын өкмөтү Россиядан жаратылыш газын жеткирүү тууралуу келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул келишимдин алкагында 2022-жылдын ичинде Россиядан 10 млн куб метрге чейин газ алына турган болгон.
Жаңы чечим тууралуу Польша өкмөтүнүн өкүлү Петр Наимский жарыялады. Анын айтымында, Россиянын өкмөтү менен биргеликте 1993-жылы кол коюлган келишимди бузуу тууралуу резолюция 13-майда кабыл алынган.
Россиядан жаратылыш газын жеткирүүчү Ямал—Европа каналын Германияга газ жеткирүүгө колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. Польша Россиянын жаралышы газына болгон акыны рубль менен төлөп берүү тууралуу талабына каршы экенин 26-апрелде билдирген болчу.

Булак: Баракелде