Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 115

Европарламенттин депутаты Москва менен экономикалык байланыштын үзүлүшүнөн биринчи кезекте Европа эли жапа чегип жатканын белгилеген.

Йемендеги чыр-чатактан улам Евробиримдик АКШ менен Сауд Аравияга каршы санкция киргизиши керек. Бул тууралуу Хорватия депутаты Мислав Колакушич Европарламенттеги жыйындардын биринде айтты.
РИА Новости билдиргендей, эл өкүлүнүн видеокайрылуусу анын Twitter баракчасына жарыяланган.

"Эгер биз чын эле тынчтык үчүн күрөшүп жатсак, анда ошол эле санкцияларды бир нече жылдан бери Йеменде согуш отун тутантып келген Сауд Аравияга да киргизишибиз керек. Мындан тышкары, согуш чыр-чатактарынын көбүнө катышып келе жаткан АКШдан мунай жана газ алууга тыюу салсак", — деген ал.

Европарламенттин депутаты Москва менен экономикалык байланыштын үзүлүшүнөн биринчи кезекте Европа эли жапа чегип жатканын белгилеген.
Россия 24-февралда Украинага карата атайын операцияны баштаган соң ага жооп катары Батыш өлкөлөрү Москвага катар-катар санкцияларды салган. Алар биринчи иретте банк секторуна жана жогорку технологиялуу продукцияларга кесепетин тийгизиши керек дешкен. Кремль аны буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп атады. Бийлик мындай сценарийге мурдатан эле даярдангандыгын айтып, социалдык милдеттенмелер мурдагысындай эле аткарыла берерине ишендирген.
Европа күйүүчү майдын кымбатташына жана андан улам пайда болгон азык-түлүк инфляциясына кабылды. Мындай жагдай Европа биримдигиндеги көптөгөн жарандардын нааразылыгын жаратууда.


Булак: sputnik.kg