Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 98

Европа атомдук электр станцияларынын иштеши үчүн зарыл болгон урандын 40 пайызга жакынын Россия менен Казакстандан алат.

 Евробиримдик жаратылыш газына караганда өзөктүк энергетика маселесинде Россиядан көбүрөөк көз каранды. Бул тууралуу Берлин технология жана экономика институтунун адиси Фолькер Квашнингдин жергиликтүү телеканалга берген маегине шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Маекте айтылгандай, Евробиримдикте Россиянын ресурстарынан баш тартуу пландары тууралуу сөз болгондо алар уранга көз карандылыкты эстешпейт же атайылап көрмөксөнгө салышат.

"Атомдук энергия боюнча "Евратом" мекемесинин маалыматында атомдук электр станцияларынын иштеши үчүн зарыл болгон байытылган урандын 40 пайызга жакынын Европа Россия менен Казакстандан алат. Бул жерде кеп сырьедо гана эмес. Россия Батыштан кайсы бир чөйрөлөр боюнча артта калганы менен атомдук өнөр жайда абал тескерисинче. Россиянын уран иштетүүчү заводдору дүйнөдөгү эң мыкты ишканалардын катарына кирет", — деди адис.

Ошол эле учурда, Дүйнөлүк өзөктүк ассоциациянын маалыматы боюнча, Борбордук жана Чыгыш Европанын көптөгөн өлкөлөрү россиялык уранга эле эмес, Россиянын өзөктүк технологияларынан дагы көз каранды.
Буга байланыштуу "Евратом" тынчсыздануусун билдирип, Евробиримдиктин бул чөйрөдө алсыз экенин моюндап келет. Ошол себептен Россиянын уран жеткирип, атомдук станцияларды тейлөөгө тыюу салышы Батыш үчүн оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экени айтылат.
"Эгер Россиядан уран ташып келүү токтотулса, жаңы өндүрүүчү издеш керек болот. Ал эми уран дүкөндөн эле сатып ала турган нерсе эмес. Ошол себептен россиялык уранды ташууга тыюу салбоо өтүнүчү менен АКШлык ишкерлер өз өкмөтүнө кайрылышкан", — деди адис.
Россия армиясынын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Мунун алкагында Батыш өлкөлөрү Россиянын энергия булактарынан баш тартууну көздөп жатышат.

Булак: sputnik.kg