Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 145

Буга чейин Москва менен Киевдин сүйлөшүүсүндөгү Россия делегациясынын башчысы Владимир Мединский Украина диалогду токтотууну демилгелегенин айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт. Анткени бул анын батыштык кураторлорунун стратегиясына туура келбейт. Мындай пикирин сенатор Алексей Пушков билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Москва менен Киевдин сүйлөшүүсүндөгү Россия делегациясынын башчысы Владимир Мединский Украина диалогду токтотууну демилгелегенин айткан.

"Москва менен сүйлөшүүлөр Зеленскийдин кызыкчылыгында эмес. Буга чейинки сүйлөшүүлөр ар дайым жасалма болуп келген. Андыктан алардан жыйынтык чыгат деп күтпөй деле койсок болот. Кырдаал өзгөрмөйүнчө баары ошол бойдон кала берет", — деди Пушков.

Сүйлөшүүлөр тууралуу

Орус-украин консультациялары февраль айынын аягында башталган. Делегациялар Беларуста эки жолугушуу өткөрүп, андан кийин күн сайын видеоконференция аркылуу сүйлөшүү чечими кабыл алынган. Марттын аягында Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн дагы бир айлампасы өткөн эле. Жыйынтыгында Мединский Украина болочок келишим боюнча өзүнүн жазуу түрүндөгү сунуштарын бергенин, жалпысынан Киев көп жылдардан бери биринчи жолу сүйлөшүүгө умтулуусун көрсөткөнүн кабарлаган.
Россия эпке келип бир катар сунуштарды кошумча киргизген. Бирок кийинчерээк Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина сүйлөшүү процессин жайлатуу үчүн өзүнүн сунуштарынан баш тартып, көптөгөн чагымчылыктарды жасап жатканын билдирди.

Булак: sputnik.kg