Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

 17-майда Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде арызга кол койду.

Швециянын НАТОдогу өкүлчүлүгү Твиттерде билдиргендей, Швециянын жана Финляндиянын элчилери Аксель Вернхофф менен Клаус Корхонен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге өлкөлөрдүн альянска кошулуусу үчүн расмий арыздарды тапшырды.
Иш-чара уюмдун Брюсселдеги баш кеңсесинде өттү.
НАТОнун баш катчысынын айтымында, Финляндия менен Швециянын мүчөлүгү альянстын коопсуздугун жакшыртат. «Арыз бергениңиздер үчүн рахмат. Бардык өлкөлөр коопсуздук маселелерин өз алдынча чечүүгө укуктуу жана мен Финляндия менен Швецияны НАТОнун мүчөлөрү катары куттуктайм», - деди ал.
Эки өлкөнүн мүчөлүк арыздары алгач НАТО Кеңешинде каралышы керек. Андан кийин мүчөлүк келишими альянстын бардык 30 өлкөсүндө улуттук деңгээлде ратификацияланышы керек.
Кечээ, 17-майда Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде арызга кол койду. Ошол эле күнү Финляндиянын парламенти ушундай эле арызды көпчүлүк добуш менен жактырды, андан кийин документке Финляндиянын президенти Саули Ниинистё кол койду.

Булак: Баракелде