Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 125

Беннет Лавровдун билдирүүлөрүн калп деп атады.

Орусиянын президенти Владимир Путин Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жөөттөр (еврейлер) жана антисемитизм тууралуу айткандары үчүн кечирим сураганын Беннеттин кеңсеси билдирди.
Путин менен Беннеттин сүйлөшүүсүнөн кийинки Кремлдин билдирүүсүндө орус президентинин кечирим суроосу камтылган эмес.
РБК президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго кайрылуу жолдогон.
Лавров 1-майда «Mediaset» басылмасына берген маегинде ал Украинанын президенти жөөт (еврей) болсо, Орусия кантип Украинаны «денацификация» кыла алат деген суроого мындай деп жооп берген: «[Украинанын президенти Владимир] Зеленский өзү еврей болсо аларда кандай нацизм болушу мүмкүн деген аргумент келтирип жатат. Мен жаңылышым мүмкүн, бирок Гитлерде да еврей каны болгон. Бул таптакыр эч нерсени билдирбейт. Акылман еврей эли эң чоң антисемиттер, эреже катары, еврейлер деп айтышат».
Зеленский Лавровдун сөздөрү антисемиттик чабуул экенин жана орус дипломатиялык ведомствонун башчысы «нацисттердин кылмыштары үчүн айыпты еврей элине өткөрүп жатканын» айткан. Беннет Лавровдун билдирүүлөрүн калп деп атады.
Израилдин тышкы иштер министри Яир Лапид орус өкмөтү министрдин сөздөрү үчүн Израилден жана еврей элинен кечирим сурашы керек деди. Лапид Лавровдун сөздөрүн «кечирилгис» деп атап, «»коркунучтуу тарыхый ката» деп билдирди. «Жөөттөрдүн өздөрүн антисемитизм үчүн айыптоо — еврейлерге каршы расизмдин эң төмөнкү деңгээли», - деп баса белгиледи ал.

Булак: Баракелде