Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 133

Беларусь Республикасынын Коргоо министрлиги куралдуу күчтөрүн күтүүсүз жерден текшерип баштаганын жарыялады.

Анын максаты — кризис жаралган учурда армиянын ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн текшерүү.
Министрлик бул текшерүү Европа өлкөлөрүнө жана коңшу мамлекеттерге коркунуч жаратпай турганын белгиледи.
Министрликтин билдирүүсүндө текшерүүнүн жүрүшүндө армиянын согушка даярдыгы, белгилүү бир аймакка жетүү, коюлган тапшырманы аткаруу мүмкүнчүлүгүнө баа берилет. Аскер кызматкерлери бейтааныш аймакта, абал ыкчам өзгөрүп турган шартта иш алып барышы керек.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө көп сандаган аскер техникалары ташылат», - деп айтылат маалыматта. Февраль айынын соңунда Беларусь Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизилип, ага ылайык, белоруссиялык жоокерлер чет өлкөдөгү операцияларга катышууга мүмкүнчүлүк алышкан.

Булак: Баракелде