Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 129

Россиянын президенти Владимир Путин 9-май күнү расмий түрдө Украинага согуш жарыялашы мүмкүн.

Бул тууралуу АКШнын «Си-эн-эн» («CNN») телеканалы билдирди.
Мындай чечим Россияга Украинанын чыгыш жана түштүк тарабын басып алуу үчүн резервдеги аскерлерин мобилизациялоого шарт түзөт. Башка божомол боюнча 9-майда Луганск менен Донецк аннексияланышы (Россияга кошулушу) мүмкүн. Ошондой эле Одесса шаарына чабуул башталып, Мариуполь шаары толук көзөмөлгө алынганы жарыяланышы мүмкүн.
АКШнын чалгынчылары Россия майдын ортосунда Луганск менен Донецкти аннексиялашы мүмкүн экенин билдирүүдө, деп белгиледи АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун элчиси Майкл Карпентер. Ошондой эле Россия Херсон шаары «элдик республика» болгонун айтып, бул шаарды да аннексиялашы мүмкүн деген божомол бар.

Булак: Баракелде