Россиянын президенти Анкара аэропортунда орус жараны Константин Ярошенкону АКШ жараны Тревор Ридге алмаштырууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн түрк лидерине ыраазычылык билдирди.
Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Россиянын президенти Анкара аэропортунда орус жараны Константин Ярошенкону АКШ жараны Тревор Ридге алмаштырууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн түрк лидерине ыраазычылык билдирди.
Украинадагы жана Донбасстагы кырдаалдын гуманитардык аспектилерин талкуулоо, атап айтканда, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Москвадагы сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен улантылды, деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде