Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 100

Саясатчылар акыркы жолу бетме-бет 2020-жылдын январында Берлинде көрүшкөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин Москвадагы сүйлөшүүсү бир саатка жакын созулду. Бул тууралуу CBS телеканалынын кабарчысы Памела Фальк Гутеррештин өкүлүнө шилтеме берүү менен Twitter
баракчасында билдирди.
Убакыттын бир бөлүгүндө Путин менен Гутерриш жабык эшик артында сүйлөштү. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Гутерриш Путинди Украинадагы кырдаалды, анын ичинде Мариуполдогу кырдаалды талкуулоого чакырды.
БУУнун баш катчысы 2021-жылдын май айында Москвага барган, бирок коронавирустук чектөөлөрдөн улам Путин менен байланыш видео байланыш аркылуу болгон.
Саясатчылар акыркы жолу бетме-бет 2020-жылдын январында Берлинде көрүшкөн.
Гутерриш 25-апрелде Анкарага барган. Ал эми 28-апрелде БУУнун баш катчысы Киевде болушу күтүлүүдө.

Булак: Баракелде