«Пои калон» курулушу мунара, мечит жана медреседен турат.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго Рамазан айынын урматына белек ыйгарды. Бул тууралуу Рамзан Кадыров өзү Телеграмдагы каналында билдирди.
Тактап айтканда, Кадыров Бухара шаарындагы «Пои калон» тарыхый архитектуралык ансамблинин 3D форматындагы сүрөтүн алды.
«Пои калон» курулушу мунара, мечит жана медреседен турат. Кадыровдун атасы дал ушул медреседе окуган.
«Пои калон» тарыхый архитектуралык ансамблинин 3D форматындагы сүрөтүнө 925-пробадагы 3,4 кг күмүш, 999-пробадагы алтынь колдонулган. Рамкасы дагы алтын менен капталган.
Булак: Баракелде