2 күн мурда атайын операциянын экинчи фазасы башталды.
Украинадагы орус аскерлери атайын операциянын экинчи фазасында Донбасс жана Украинанын түштүгүн көзөмөлгө алууну көздөп жатат. Бул тууралуу «ТАСС» маалымат агенттиги Россиянын Борбордук аскердик округунун жоокерлеринин убактылуу командири Рустам Миннекаевге шилтеме берүү менен билдирди.
«2 күн мурда атайын операциянын экинчи фазасы башталды. Орус армиясына коюлган тапшырмалардын бири — Донбасс менен Түштүк Украинаны толук көзөмөлгө алуу», - деди Миннекаев.
Анын айтымында, Донбассты көзөмөлгө алуу менен Крымга кургактагы коридор ачылат. Ошондой эле Украинанын экономикасынын жашоого маанилүү объекттерине таасир этүүгө мүмкүнчүлүк болот. Ал эми Түштүк Украинаны көзөмөлгө алуу менен орус тилдүү калк
куугунтукталып жаткан Приднестровьеге коридор ачылат», - деди Миннекаев.
Россиянын Коргоо министрлиги биринчи этаптын негизги тапшырмалары аткарылганын, анын ичинде Украинанын аскердик потенциалы төмөндөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле башкы максат Донбассты бошотуу экенин белгилешти.
Булак: Баракелде