Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 103

Операцияга атайын күчтөр жана аба күчтөрү катышууда.

Күртистандын жумушчу партиясына каршы аскердик операциянын максаты Ирактын жаңы аймактарын басып алуу эмес, деп билдирди Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анын Түркия парламентинде сүйлөгөн сөзүн NTV телеканалы көрсөттү.
«Биздин операциянын максаты — Ирактын аймагын террористтерден тазалоо, ошондой эле чек арабыздын коопсуздугун кепилдөө.
Түркия жаңы аймактарды басып алууга аракет кылбайт», - деди президент Эрдоган.
Буга чейин түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө Күрдистандын Жумушчу партиясынын согушкерлерине каршы жаңы аскердик операция баштаганы белгилүү болгон. Операцияга атайын күчтөр жана аба күчтөрү катышууда. Түркиянын коргоо министри Хулуси Акара министрликтин брифингинде учактар күрддөрдүн баш калкалоочу жайларына, бункерлерине, туннелдерине, үңкүрлөрүнө жана кампаларына ийгиликтүү чабуул жасаганын айтты.

Булак: Баракелде