Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 374

Чектөөлөр 24-февралда, Орусиянын Украинадагы аскердик операцияларынын биринчи күнүндө киргизилген.

Росавиация Орусиянын борбордук жана түштүк аймактарындагы 11 аэропортко каттамдарга тыюу салууну тогузунчу жолу узартты. Чектөөлөр 24-февралда, Орусиянын Украинадагы аскердик операцияларынын биринчи күнүндө киргизилген.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, тыюу салуу 25-апрелде Москва убактысы боюнча 3:45ке чейин күчүндө болот.
Анапа, Белгород, Брянск, Воронеж, Геленджик, Краснодар, Курск, Липецк, Ростов-на-Дону, Симферополь жана Элиста аэропортторуна каттамдар чектелген. Аба транспортунун федералдык агенттиги альтернатива катары Сочи, Волгоград, Минеральные Воды, Ставрополь жана Москва аэропортторун колдонууну сунуштайт.
Россиянын Туроператорлор ассоциациясы түштүк аэропорттору 2 айда каттамга чектөө киргизилгенден кийин 2 миллиондон ашык жүргүнчүнү жоготушу мүмкүн экенин билдирди. Европа Биримдиги Россия Федерациясында учактарды жеткирүүгө, лизингге, техникалык тейлөөгө жана камсыздандырууга тыюу салгандыктан, орус авиакомпаниялары эл аралык каттамдарды SSJ-100 жет өздөрүнүн лайнерлери менен чектелген сандагы өлкөлөргө гана аткара алышат.

Булак: Баракелде