Операциянын алдында учактар Күрдистандын Жумушчу партиясына таандык делген казарма, үңкүр, туннель, лагерлерди жана күрддөр жашырынган жерлерди аткылады.
Түркия Ирактын түндүгүндөгү (Метин, Зап жана Авашин-Басян аймактары) Күрдистандын Жумушчу партиясына каршы аскердик операция баштады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлигинин сайтында айтылат.
Түркия мындай чечим түрк элине жана Ирактын түндүгүндөгү коопсуздук күчтөрүнө багытталган террористтик чабуулдарга бөгөт коюу максатында кабыл алынганын билдирди.
Операциянын алдында учактар Күрдистандын Жумушчу партиясына таандык делген казарма, үңкүр, туннель, лагерлерди жана күрддөр жашырынган жерлерди аткылады.
«Бул операция террорчуларга гана багытталган», - деп белгиледи Түркиянын Коргоо министрлиги.
Булак: Баракелде