Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 112

Өрт чыгып, анын кесепетинен ок-дарысы жарылган «Москва» крейсери чөгүп кетти.

Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.
«Москва» крейсерин сүйрөп бара жатканда, ал туруксуздугун жоготту. Деңиздеги бороондон улам чөгүп кетти», - деп билдирди министрлик.
«РБК» маалымат агенттиги жазгандай, Коргоо министрлиги кеме кайсы жерде өрттөнгөнүн айткан жок. Буга чейин Украина тарап кемени ракета менен аткылаганын жарыялаган.
«Москва» кемеси — Россиянын аскер-деңиз флотунун Кара деңиздеги эң ири кемеси. Ал эң мыкты курал-жарак менен жабдылган.

Булак:Баракелде