Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

«Москва» кемеси — Россиянын аскер-деңиз флотунун Кара деңиздеги ири кемеси.

Россиянын Коргоо министрлиги «Москва» крейсеринде өрт чыкканын, анын кесепетинен кемедеги ок-дары жарылганын тастыктады. Буга чейин кемени Украина тарап ракета менен аткылаганы айтылган.
«Кемеге олуттуу зыян келтирилди, экипажы эвакуацияланды. Өрттүн себеби такталууда», - деп жазды «РИА Новости» Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен.
«Москва» кемеси — Россиянын аскер-деңиз флотунун Кара деңиздеги ири кемеси. Ал эң мыкты курал-жарак менен жабдылган.
Кечээ, 13-апрелде Украинанын Одесса облусунун башчысы Максим Марченко «Москва» кемеси «Нептун» ракеталары менен аткыланганын билдирген.
«Би-би-си» жазгандай, дал ушул «Москва» кемесинен Змеиный аралындагы украиналык аскер кызматкерлерин багынып берүүгө чакырышкан. Бирок украиналык аскерлер кемедеги орус аскерлерине уят сөз менен жооп беришкен.

Булак: Баракелде