Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 80

Науседа Twitter′де төрт өлкөнүн лидерлери Украинага «саясий колдоо жана аскердик жардам» жарыялай турганын билдирди.

Польшанын президенти Анджей Дуданын басма сөз кызмат, ал Киевге сапар алганын билдирди. Аны менен бирг Украинанын борборуна Латвиянын президенттери Эгилс Левитс, Литванын президенттери Гитанас Науседа жана Эстониянын президенти Алар Карис барат. Алар Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат.
Науседа Twitter′де төрт өлкөнүн лидерлери Украинага «саясий колдоо жана аскердик жардам» жарыялай турганын билдирди.
Белгиленген жолугушуунун башка чоо-жайы айтылган жок.
Бул 24-февралдан бери — Украинада өтүп жаткан орусиялык согуштук аракеттер башталгандан берки европалык лидерлердин Киевге биринчи сапары. Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер да Киевге барууга даяр болгон.

Булак: Баракелде