27-февралда укук коргоо кызматкерлери Медведчук үй камагынан качып кеткенин журналисттерге ырасташкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга камактагы саясатчы жана «Оппозиционная платформа-за жизнь» партиясынын саясий кеңешинин башчысы Виктор Медвечукту «орус туткунундагы жигиттер жана кыздарга» алмаштырууну сунуштады. Мындай билдирүү анын Telegram каналында пайда болду.
Кармоо тууралуу маалыматты кийинчерээк «Ъ» гезитине Медведчукка жакын оппозициялык «Оппозиционная платформа-за жизнь» партиясынын мүчөлөрүнүн бири тастыктады.
Анын айтымында, Медведчук «48 саат жашынган», андан кийин ал Украинанын чек арасынан өтүүгө аракет кылган. Ал аскер кызматкерлерин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн Медведчук менен алмашуу маселесин карап көрүүгө чакырды.
12-апрелдин кечинде Зеленский Telegram баракчасына Медведчукка окшош адамдын сүрөтүн жарыялаган. Саясатчы аскер формасын кийип, колуна кишен салынган. «СБУнун (Украинанын Коопсуздук кызматы) жардамында атайын операция жүргүзүлдү. Азаматтар», -
деп жазды Зеленский. СБУ Медведчуктун кармалганын ырастап, ал «маскировка үчүн» аскердик кийим кийгенин билдирди.
Саясатчыны кармоо операциясы «көп баскычтуу», «чагылгандай тез жана кооптуу» болгонун ведомствонун башчысы Иван Бакланов билдирди.
2021-жылдын май айынан бери Медведчук мамлекетке чыккынчылык кылуу, улуттук байлыкты талап-тоноо аракети жана террористтик уюмдун ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтүү деген шек менен күнү-түнү үй камагында болчу. Киевдин Печерский райондук
соту Медведчукту 2022-жылдын 10-мартына чейин үй камагына чыгарган.
27-февралда укук коргоо кызматкерлери Медведчук үй камагынан качып кеткенин журналисттерге ырасташкан.
Булак: Баракелде