Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 114

2017-жылы акыркы добуш берүүгө Макрон менен Ле Пен катышкан.

Эммануэль Макрон менен Марин Ле Пен Францияда 2017-жылдагыдай эле президенттик шайлоонун экинчи турунда ат салышат.

Ipsos агенттигинин маалыматы боюнча, учурдагы президент Эммануэль Макрон 28,1%, Ле Пен 23,3% алды. Ошентип, алар экинчи турга катышмакчы.

Экинчи тур 24-апрелге белгиленген.

2017-жылы акыркы добуш берүүгө Макрон менен Ле Пен катышкан. Макрон анда 66,10% добуш алса, анын атаандашы 33,90% добуш алган болчу.


Булак: vb.kg