Украинада Краматорск шаарындагы вокзалга ок атылды.
Бул тууралуу «Укрзализниця» башкармалыгынын жетекчиси Александр Камышин билдирди.
«Укрзализницянын» маалыматына караганда, станцияга 2 ракета түшүп, анын кесепетинен 30дан ашык адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болгон. Украин бийликтери ошол маалда эвакуациялоону каалаган миңдеген адамдар болгонун билдирүүдө. Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко сокку россиялык «Искандер» ракетасы менен жасалганын ырастоодо (Кириленко кийинчерээк, такталган маалыматка караганда, Краматорск темир жол станциясына «Точка-У» тарабынан чабуул жасалганын
айткан).
Булак: Баракелде