Мылтык Казакстанга бир нече бөлүккө бөлүнүп, алынып келген.
Казакстанда чет өлкөнүн чалгындоо кызматынын агенти кармалды, ал казак президентине жана башка жогорку кызматты ээлеген адамдарга кол салууну көздөп жаткан. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
Тактап айтканда, Касым-Жомарт Токаевге кол салууну пландап жаткан делген адам - Казакстандын жараны, ал 25-мартта Нур-Султан
шаарында кармалган. "Ошондой эле ал атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине террор жасаганы жаткан.
Тинтүү учурунда чет өлкөнүн снайпердик мылтыгы, баңгизат жана ири суммадагы акча табылган. Мылтык Казакстанга бир нече бөлүккө бөлүнүп, алынып келген. Ошондой эле агентке Казакстанда Россияга каршы пропаганда жүргүзүү, социалдык тармактардын жардамы менен коомчулукта русофобия жаратуу милдети коюлган. Кармалган жаран өзү да жогоруда айтылгандарды тастыктады. Тергөө уланууда ", - деп айтылат Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматында.
Булак: Баракелде