Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 145

«Сүйлөшүүлөр жумушчу топтун катышуусу менен онлайн форматта улантылды»

Украина менен Орусиянын делегациялары видео форматта сүйлөшүүлөрдү баштады, деп билдирди орусиялык делегациянын башчысы Владимир Мединский «Telegram» баракчасына. «Крым жана Донбасс боюнча биздин позициябыз өзгөрүүсүз», - деди ал.
Сүйлөшүүлөр башталганын Украинанын президентинин офисинин жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк да ырайстады, деп билдирет UNIAN. «Сүйлөшүүлөр жумушчу топтун катышуусу менен онлайн форматта улантылды», - деди Подоляк.
29-мартта Орусия менен Украинанын өкүлдөрү Стамбулда бетме-бет жолугуп, сүйлөшүүлөрдү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган ачты. Жолугушуу эки күнгө созулушу керек эле, бирок биринчи күндөн кийин олуттуу жылыштар жарыяланып, делегациялар
тарап кетишкен.

Булак: Баракелде