Орусия 614 танк жана 135 учагын жоготту, - Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Украинада согуштук аракеттер башталгандан бери 31-мартка чейин орус авиациясы 135
учак, 131 тик учак жана 311 артиллериялык системаны жоготту. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы
билдирди.
24-февралдан 31-мартка чейин орус армиясынын жалпы согуштук жоготуулары:
- өздүк курам —17 500дөн ашык адам,
- танктар — 614,
- брондолгон согуштук машиналар — 1735,
- артиллериялык системалар — 311,
- жапырт аткылоочу реактивдүү система — 96,
- абадан коргонуу системалары — 54,
- учак — 135,
- тик учактар — 131,
- транспорт каражаттары — 1201,
- кайыктар/катерлер — 7,
- күйүүчү май бактары — 75,
- оперативдүү-тактикалык деңгээлдеги учкучсуз учуучу аппараттар — 83,
- атайын техника — 22,
- ыкчам-тактикалык ракета комплекси — 4.
Булак: Баракелде