Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 273

Аны эч ким токтото албайт  1979-жылы Ванга гезитке маек берип, бардык нерсе муз сымал ээрийт.

Балкан өлкөлөрүнүн Нострадаумусу катары билинген Ванганын кереметтери таң калтырып келет. Ал АКШдагы эгиз мунаранын кулашын, Ковид-19 пандемиясын, табият кырсыктарын алдын ала билдирген. ИГИЛдин түзүлөөрүн жана Чыгыш Европаны келечекте эмнелер күтөөрүн айткан. Ал эми ушул тапта дүйнө жүзү анын орус президенти жөнүндө болжогонун сөз кылууда.  

Аны эч ким токтото албайт  

1979-жылы Ванга гезитке маек берип, "бардык нерсе муз сымал ээрийт. Орусияны эч ким токтото албайт. Бирок, көптөгөн жан кыйылат, ар ким анын тарапташы болот. Ал дүнүйөнүн кожоюну болот"- деген. Ванга 1989-жылы "америка темир куштардын кол салуусуна кабылат, алар жыгылат, бөрүлөр улуйт, күнөөсүз адамдардын каны төгүлөт" -деп айткан. 2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы эгиз мунарага урунган учактар көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнө себепкер болуп калды.  Ванга 85 жылдык өмүрүндө 5079 жолу ар түрдүү божомол жүргүзүп анын 85 пайызы туура чыккан. Айрым өлкөлөрдөгү суу тартыштыгын, сунамини, курт - кумурскаларга таланган өлкөлөрдү, жер титирөөлөрдү, Аль - Каида менен Брекситтин чыгышын жана ошондой эле СССРдин кулашы жөнүндө айткандары төп келген. Анан да, "Европа жок болот, 2045-жылга чейин түндүк уюлда муздар ээрий баштайт"-деген.

Европанын соңу жакынбы?

Ванга Европа 2016-жылына чейин жок болуп, алардан бопбош жер гана калат деген эле. Бул айтканы туура болбосо деле 23-июнь 2016-жылы Англия Европадан бөлүнүп чыкты. Мындан улам Европада каргашалуу окуялар орун алды.  

Күтүлгөн кереметтер

"2025-2028-жылдар аралыгында азыктандыруу булагы табылып, дүйнөдө ач адам калбайт. Венера планетасына космостук ракета учурулат. 2033-2045-жылдарда муздар ээрип, океандар толкушу мүмкүн"-деп айткан.


Булак: apta.kg