Ушул жумада биз президенттин кеңсесинин алдында украиналык жана эл аралык эксперттердин тобун түзөбүз.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга каршы киргизилген санкцияларды талдоочу эксперттик топ түзөрүн билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн «Telegram» каналы аркылуу маалымдады.
«Ушул жумада биз президенттин кеңсесинин алдында украиналык жана эл аралык эксперттердин тобун түзөбүз. Алар Орусияга
киргизилген санкцияларды, алар чындап эмнеге таасирин тийгизип жатканын талдайт», - деди ал видео кайрылуусунда.
Зеленскийдин айтымында, негизги максат — «санкцияларды айланып өтүүгө эч кандай жол болбош керек».
Булак: Баракелде