Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 112

Сердар Бердымухамедов өтүнүчтү канааттандырды. Эмгек эргүүнүн мөөнөтү белгисиз.

Жакында бийликти уулу Сердарга өткөрүп берген Түркмөнстандын мурунку президенти Гурбангулы Бердымухамедов мамлекет башчысынан 2022-жылдын 1-апрелинен тарта эмгек өргүүсүн сураган.
Бул өкмөттүн жыйынынан кийин болгонун «Түркмөнстан бүгүн» мамлекеттик агенттиги билдирди. «Аркадаг (Башкаруучу) Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын президентине жеке өтүнүч менен кайрылды», - деп айтылат маалыматта.
«Өзүңөр билгендей, мен 40 жылдан бери жетекчилик кызматтарда иштеп келем, 25 жылдан бери саясатта жүрөм. Бул убакыт аралыгында жумуштун көптүгүнө байланыштуу мен толук кандуу эс ала алган жокмун»,- деген мурдагы президент өкмөттүн
жыйынында. Бердымухамедов эс алуу учурунда жаңы китептердин үстүндө иштөөнү аяктаарын, ошондой эле быйыл өтүүчү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын парламенттер аралык форумуна, Борбор Азиядагы жана Россиядагы аялдардын диалогуна жана башка эл аралык иш-чараларга тийиштүү түрдө даярдана турганын билдирди.
Сердар Бердымухамедов өтүнүчтү канааттандырды. Эмгек эргүүнүн мөөнөтү белгисиз.
Түркмөнстандын жаңы президентинин ант берүү аземи 19-мартта өттү. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык
байкоочулардын катышуусуз өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Сердар Бердымухамедовдун 72,97% добуш менен жеңгенин
жарыялаган. «Азатлык» радиосунун кабарчылары добуш берүү жана шайлоо алдындагы үгүт маалында бюллетендерди алмаштыруу, бир шайлоочунун бир нече жолу добуш берүүсү, шайлоочуларды кенже Бердымухамедовго добуш берүүгө кысым көрсөтүү сыяктуу
массалык мыйзам бузуулар тууралуу билдирген.
«The Economist'тин» Демократия индексинде Түркмөнстан бардык өлкөлөрдүн ичинен акыркы орунда турат.

Булак: Баракелде