Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 118

Ал иш-чара учурунда сахнага чыгып, алып баруучу Крис Рокага кол көтөргөн.

Голливуддагы актер жана музыкант Уилл Смит Америка киноакадемиясынын «Оскар» сыйлыгын (94-ирет) тапшырууаземинде ачуусун көрсөттү. Ал иш-чара учурунда сахнага чыгып, алып баруучу Крис Рокага кол көтөргөн.
Крис Рок «Мыкты документалдык тасма» наамына талапкерлерди жарыялап жаткан. Ал аралыкта Уилл Смиттин жубайы Жада Пинкетт-Смиттин чачына байланыштуу тамаша айтып, «Солдат Жейн» тасмасындагы чачы алынган персонаж Деми Мур менен
салыштырган. Пинкетт-Смит аутоиммундук дарттан жабыркайт. Алопеция — адамдын башындагы чачты түшүрөт. Жада алгач бул тууралуу жашырып, кийинчерээк жашыра албай турганын айтып, ачыкка чыгарган болчу.
Мындай тамашадан кийин Уилл Смит сахнага чыгып, алып баруучу жигитти бет тушка муштум менен уруп, кайра ордуна баргандан
кийин алып баруучуга жубайына тийишпе деген талабын айткан.
Актер сахнадан кетип бара жатканда алып баруучу Рок ага карата сүйлөп жаткан сөздөрү залга гана угулуп жатты. Себеби, үнүн
жаңыртуучу жабдык дароо өчүрүлгөн.

Булак: Баракелде