Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 125

«ТАСС» Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, Жириновскийдин абалы
туруктуу деп бааланып, дарыгерлер жардам берүүнү улантып жатышат.

Россиянын Москва шаарындагы ооруканада Россиядагы Либералдык-демократиялык партиянын лидери ВладимирьЖириновский көз жумганы тууралуу маалыматты «РИА Новости» жарыялады. Анын өлүмү тууралуу маалыматты сенатор Александр Пронюшкин тастыктаган. «Mash» телеграм каналындагы маалымат боюнча, саясатчы 25-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:45 чамасында каза болду. Ал комада болчу.
Бирок «ТАСС» басылмасы Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володинге шилтеме берүү менен Жириновский тирүү деген
маалымат таратты. «РИА Новости» басылмасы да кийинчерээк маалымат жарыялап, губернатор Дегтярев Жириновский тирүү экенин тастыктаганын билдирди.
«ТАСС» Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип билдирген маалымат боюнча, Жириновскийдин абалы
туруктуу деп бааланып, дарыгерлер жардам берүүнү улантып жатышат.

Булак: Баракелде