Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 101

Мамлекеттик департаменттин өкүлү журналисттерге Олбрайт рак дартынан жабыркаганын билдирген. 

Американын саясатындагы ардагер айым Мадлен Олбрайт 85 жашында каза тапты, деп билдирди «Би-Би-Си». Ал Кошмо Штаттардын тышкы саясат боюнча ведомствосун жетектеген тарыхтагы алгачкы айым. Мамлекеттик департаменттин өкүлү журналисттерге Олбрайт рак дартынан жабыркаганын билдирген. Мадлен Олбрайт 1937-жылы Чехословакияда дипломаттардын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Америка Кошмо Штаттарына ата-энеси менен бирге 11 жашында жер которуп, 1957-жылы Американын жарандыгына ээ болгон.

Булак: Баракелде