19-мартта Ашхабадда ант берүү аземи өттү.
Түркмөнстандын жаңы шайланган президенти Сердар Бердымухамедов жазгы жашылдандыруу иштерин баштады. Бул анын президент катары катышкан алгачкы иш-чарасы. 20-марттагы саамалык борбор калаанын Беркарарлык аймагында өткөн.
Түркмөнстанды акыркы 15 жылдан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 2022- жылдын 12-мартында президент болуп шайланган. 19-мартта Ашхабадда ант берүү аземи өттү. 11-февралда Г.Бердымухамедов мамлекетти башкарууну жаш муунга өткөрүп берүүнү чечкенин, бирок парламенттин жогорку палатасы — элдик кеңешменин (халк маслахаты) төрагасы бойдон каларын билдирген.
Үч күндөн кийин шайлоо өнөктүгү башталып, Г. Бердымухамедовдун уулу Сердар шайлоого катыша турганы белгилүү болгон. Сердар
Бердымухамедов президент болуп шайланса, өлкөнүн бейтараптыгын сактап, жакшы коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө жана эл
аралык уюмдар, атап айтканда БУУ менен кызматташууну бекемдөөгө убада берген.
Шайлоо 12-мартта өтүп, Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Сердар Бердымухамедов 72,97%
добуш топтоду.
Булак: Баракелде