Кремль Киевди басып алуу планынан баш тартып, «Б планына» өткөн.
Россия Украинадагы аскердик тактикасын өзгөрттү, деп жарыялады «The Wall Street Journal». АКШ администрациясындагы булактарына шилтеме берилген маалымат боюнча, Кремль Киевди басып алуу планынан баш тартып, «Б планына» өткөн. Демек, шаарлардагы атышуу менен кагылышуулар дагы жумага же айга созулушу мүмкүн, деп айтылат маалыматта.
Жаңы план боюнча, Москва Россиянын батышы менен Крымдын байланышын камсыздап, Донбасска болгон көзөмөлдү кеңейтүү
аракетин көрөт. Аны менен катар Кремль Киевден аймактык чечимди таануу менен нейтралитет тууралуу талапты ишке ашырууга
кам көрөт, деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде