Чабуулдун максаты авиациялык завод болушу мүмкүн.
Львов шаарынын мэри Андрей Садовыйдын айтымында, Львов аэропортуна жакын аймак «орусиялык аскерлердин» ракеталык чабуулдарына кабылган, бирок ракеталар аэропорттун өзүнө тийген эмес.
«Азырынча мен так даректи айта албайм, бирок бул аэропорт эмес. Биздин АТП-1дин имараттарынын терезелери жабыркаган», -
деди ал. Украин басылмалары саат 06:10 чамасында Львов облусунда эскертүү сигналы жаңырганын, ошондон кийин болжол менен 20
мүнөттөн кийин үч жардыруу угулганын жазышууда. Чабуулдун максаты авиациялык завод болушу мүмкүн.
Булак: barakelde.org