Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 137

Орус аскерлеринин Украинага басып кирүүсүнөн бери өлкөнү  2,8  млн. адам таштап чыгып кетти.

Кайсы болбосун согуш жүздөгөн, миңдеген өзүнүн, үй-бүлөсүнүн коопсуздугун, тынчтыкты эңсеген качкындарды пайда кылбай койбойт. Орус аскерлеринин Украинага басып кирүүсүнөн бери өлкөнү  2,8  млн. адам таштап чыгып кетти. Муну БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди билдирди. Ал эми Евробиримдик жалпы болуп Украинадан   5 млн.дон ашык адам чыгып кетиши ыктымал экенин маалымдады.

Анын айтымында, бул Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң масштабдуу качкындар кризиси болуп эсептелет. Украинадан качкандар Польша, Венгрия, Молдова ж.б. Европа мамлекеттерине барып баш калкалашууда.

Евробиримдик качкындарга коротулуп жаткан чыгашаларды жабуу максатында гуманитардык жардам катары 500 млн. доллар бөлдү. Бул качкындар үчүн жардамдын биринчи траншы. Алдыда 2,5 млрд. долларлык фонд түзүлүп, украиналыктарды кабыл алып жаткан өлкөлөргө бөлүнүп берилет.

Булак: “Майдан. kg” гезити