Республикалары ушул сыяктуу 16 миң билдирүү алганын билдирген.
Россиянын президенти Владимир Путин Украинага ыктыярчыларды жөнөтүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.
«Акча үчүн эмес, өз ыктыяры менен Донбасста жашаган адамдарга жардам берүүнү каалаган адамдар болсо, алардын өтүнүчүн
канааттандырып, аларга кагылышуу болуп жаткан аймакка жетүүсүнө жардам бериш керек», - деди Путин Коопсуздук кеңешинин
жыйынында.
Ушул жумада Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба алар тарапта согушууну каалаган чет өлкөлүк жарандардан 20
миң билдирүү келип түшкөнүн кабарлаган. Ал эми Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Донецк жана Луганск Эл Республикалары ушул сыяктуу 16 миң билдирүү алганын билдирген.
Булак: barakelde.org