Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 147

Украина менен Россиянын сүйлөшүүсүнүн 1-раунду 28-февралда, 2-раунду 3-мартта өткөн.

- Белоруссиянын токоюнда Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн 3-раунду өттү. Жолугушуу 3 сааттан ашык убакытка
созулду. Россиянын делегациясын жетектеген Владимир Мединский бул жолу да өткөн раунддарда талкууланган темалар каралганын
билдирди. Ошондой эле сүйлөшүү алар күткөндөй болбогонун белгиледи. Анынь айтымында, Украинанын делегациясына Россия тарап даярдап барган документтердин баары берилди.
Украинанын делегациясынын мүчөсү Михаил Подоляк гуманитардык коридор түзүү боюнча маселеде бир аз жылыш болгонун айтты.
Россиянын делегациясында президенттин жардамчысы Владимир Мединскийден тышкары тышкы иштер министринин орун басары
Андрей Руденко, коргоо министринин орун басары Александр Фомин жана Мамлекеттик думанын Эл аралык иштер боюнча
комитетинин башчысы Леонид Слуцкий бар.
Ал эми Украина тараптан сүйлөшүүгө президенттин администрациясынын башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк, коргоо министри Алексей Резников, «Слуга народа» фракциясынын башчысы Давид Арахамия жана президенттин администрациясынын кеңешчиси Алексей Арестович барган. Украина менен Россиянын сүйлөшүүсүнүн 1-раунду 28-февралда, 2-раунду 3-мартта өткөн.

Булак: Баракелде