Биз чындыгында Украинаны демилитаризациялоону аяктап жатабыз.
Орусия Украинага Киев Москванын шарттарын аткарса, согуштук аракеттерди «каалаган учурда» токтото аларын айтты,
деп билдирди орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Бул маек «Reuters» агенттигинде Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасына 2 саат калганда чыкты.
Кремлдин басма сөз катчысынын айтымында, Украина Конституцияга өзгөртүү киргизип, «кандайдыр бир блокко» кирүү дооматынан
баш тартышы керек. Андан тышкары, Песковдун айтымында, Украина Крымды Орусияныкы, ал эми ДЭР менен ЛЭРди эгемендүү мамлекеттер катары таануусу керек.
«Биз чындыгында Украинаны демилитаризациялоону аяктап жатабыз. Биз аны аягына чыгарабыз... Алар (украиндер) согуштук
аракеттерди токтотушу керек», - деп баса белгиледи ал.
Булак: Баракелде