Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 112

Себеби "орусиялык ЖМКларды басмырлоо" деп айтылат.

5-мартта Роскомнадзор Россияда Facebook тармагына кирүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды, деп билдирет мекеме. Бир нече күн мурун Россияда социалдык тармактын басаңдашы тууралуу маалымат тараган.
Себеби "орусиялык ЖМКларды басмырлоо" деп айтылат. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын октябрынан бери мындай 26 учур катталган. Акыркы күндөрү социалдык тармакта Звезда телеканалынын, РИА Новости, Sputnik, Russia Today, Lenta.ru жана Gazeta.ru сайттарынын аккаунттарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген.


Булак: kaktus.kg