Бир суткада Орусиянын үч учагы жана эки тик учагы жок кылынды, - Украинанын Куралдуу күчтөрү
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрүнүн командачылыгынын билдирүүсүнө караганда, зениттикракеталык бөлүкчөлөр 3-мартка караган түнү Орусиянын 3 учагын жана 2 тик учагын жок кылды.
«2-мартта Су-24м жана Су-25 согуштук учактарынын экипаждары Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы күчтөрүнүн бөлүктөрүнө абадан колдоо көрсөтүп, Киев, Сумы, Чернигов жана Харьков областтарында орусиялыктардын аскердик техникасынын
колонналарын жана адам күчүн жок кылышты», - деп айтылат маалыматта.
Булак: Баракелде