Мындай кырдаалда бардыгы өтө кооптуу, эч кандай инциденттер болбойт деген кепилдик жок.
Украинага курал-жарак жеткирүүдө НАТО менен эч кандай чыр-чатактар болбойт деген кепилдик жок, деп билдирди РФтин тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко, деп маалымдайт «РИА Новости».
«Албетте, тобокелдиктер пайда болот», - деди ал Орусия менен НАТОнун мүчөлөрүнүн ортосундагы кагылышуу коркунучу жөнүндөгү
маселеге комментарий берип жатып. «Биз курал-жарак жеткирүү программаларына абдан тынчсызданып жатабыз. Мындай кырдаалда бардыгы өтө кооптуу, эч кандай инциденттер болбойт деген кепилдик жок», - деп кошумчалады чиновник «Россия 24» телеканалынын эфиринде. Ал ошондой эле бул окуялар таптакыр керексиз багытта күчөп кетпейт деген кепилдик жок экенин белгиледи.
Булак: Баракелде