Улуу Британиянын Казакстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине бул эмне менен байланышы бар экенин түшүндүрүү үчүн
чакыртылды.
Улуу Британиянын Казакстандагы элчиси Кэти Лич парламенттин мүчөсү Маргарет Ходждун Казакстанга каршы санкция киргизүү зарылдыгы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Шахрат Нурышев билдирди, деп жазат «informburo.kz».
«Улуу Британиянын Казакстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине бул эмне менен байланышы бар экенин түшүндүрүү үчүн
чакыртылды. Биз андан комментарий күтөбүз», - деди Нурышев шаршемби күнү журналисттерге Ходждун тиешелүү билдирүүлөрүнө
комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Ходж 1-мартта Москвага гана эмес, Орусиянын президенти Владимир Путинди колдогон Казакстан менен Азербайжанга да чектөө киргизүү керектигин айткан.
Булак: Баракелде