Биздин аймакта дагы бир согушка күбө болуудабыз.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө ортомчулук кылууну сунуштады, деп билдирди Түркиянын Президенттик администрациясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун
«Твиттерде». «Биздин аймакта дагы бир согушка күбө болуудабыз. Президент Эрдоган Орусия менен Украинанын ортосунда ортомчулук кылууну сунуштады, анткени биздин эки өлкө менен тең күчтүү карым-катнашыбыз бар»,-деди Алтун. Ал түрк лидери «союздаштарды бирдиктүү позицияга чакырды», деп кошумчалады.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана түрк президенти
Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүн уюштурууга жардам берүүгө даяр экенин билдирген. Бул тууралуу Зеленскийге
Азербайжандын президенти Илхам Алиев да айтты. Украин лидери Израилдин премьер-министри Нафтали Беннеттке да сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылууну сунуштаган.
Булак: Баракелде