Саясатчылар украин делегациясы орусиялык делегация менен Украин—Беларусь чек арасында, Припять дарыясына жакын жерде эч кандай алдын ала шартсыз жолугушат деп макулдашты.
Беларустун президенти Александр Лукашенко Украинанын президенти Владимир Зеленскийге телефон чалганын
Зеленскийдин кеңсеси жазды. Саясатчылар украин делегациясы орусиялык делегация менен Украин—Беларусь чек арасында, Припять дарыясына жакын жерде эч кандай алдын ала шартсыз жолугушат деп макулдашты.
«Александр Лукашенко украин делегациясынын сапары, сүйлөшүүлөрү жана өлкөгө кайтып келиши учурунда Беларустун аймагында
жайгашкан бардык учактар, тик учактар жана ракеталар жерде кала тургандыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды», - деп айтылат
билдирүүдө. Буга чейин Беларус-Украина чек арасындагы Гомель облусунда Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү күтүлүп жатканы айтылган.
Булак: Баракелде