Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 116

Алардын айтымында, учакты орусиялык аскерлер жок кылган.

Дүйнөдөгү эң чоң Ан-225 «Мрiя» жүк ташуучу учагы Киевдин жанындагы Антонов аэропортунда жок кылынганын Укроборонпром 27-февралда социалдык тармактагы баракчасында билдирди. «Мрiя» Гостомель аэропортунда оңдолуп жаткандыктан, Украинадан учуп чыгууга үлгүрбөй калган. Алардын айтымында, учакты орусиялык аскерлер жок кылган. «Аны калыбына келтирүүгө 3 миллиард доллардан ашык каражат керектелет жана беш жылга жакын убакыт талап кылынат», - деп айтылат маалыматта.
«Укроборонпром» учакты калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдарды Орусия көтөрөрүн билдирди.


Булак: Баракелде