Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 104

Еврокомиссиянын башчысы россиялык учактар Евробиримдиктин аймагына коно албайт, уча албайт жана токтой албайт деп белгиледи.

Европа Биримдиги Орусия үчүн аба мейкиндигин толугу менен жаап жатат, деп билдирди Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Лейен 27-февралда өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.
«Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин Орусияга таандык, Орусияда катталган же Орусия көзөмөлдөгөн учактар үчүн жаап
жатабыз», - деп жазган ал. Еврокомиссиянын башчысы россиялык учактар Евробиримдиктин аймагына коно албайт, уча албайт жана токтой албайт деп белгиледи. Анын ичинде олигархтардын жеке учактары да бар.


Булак: Баракелде