Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 99

Биздин өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн чогулдук.

25-февралда Чеченстандын миңдеген жоокерлери Грозный шаарынын борборунда чогулган, деп Россиянын Би-би-си кызматы билдирди.

"Биздин өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн чогулдук. Биз башкы аскер башчысынын чечимин толугу менен колдойбуз", деди Рамзан Кадыров.

Журналисттердин бири "Рамзан Ахматович азырр Киев, андан ары эмне болот?" деп сураганда, "Азыр Киев, андан ары ким бизге тийишсе, эмне боло турганы белгилүү болот", - деп жооп берди.

Baza басылмасы берген маалыматка ылайык, Чеченстандан 10 миң жоокер Украинага жөнөп кетүүгө даярдык көрүп жатышат. Алар республиканын президенти Рамзан Кадыровдун жеке буюртмасы менен чогулган.


Булак: kaktus.media