Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 160

Эгерде аларды өткөрүп бербесе, баласы жалаң гана өкүлчүлүктүк  функцияны аткарган, реалдуу бийлиги жок бойдон калат.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов: “Заманбап билими, илими, даярдыгы бар жаштарга бийликке жол ачып, улгайгандар кетиши керек” деген кооз  фразалар менен ушул жылдын 12-мартына президенттик кезексиз шайлоо жөнүндө Жарлык чыгарып, өзү ал шайлоого катышпай турганын билдирди. “Жаштарга жол ачуу” дегени - өз баласы Сердарды  мамлекеттик биринчи бийликке алып келүү.

Аны сырттагылардын айрымдары какшыкташса, башкалары Түркмөнстанда бийлик кандай транзит болорун билбей турушат. Анткени, Гурбангулы Бердымухадов президенттиктен кеткен менен  республиканын парламентинин жогорку палатасы - Калк маслахатынын төрагасы бойдон калганы турат.  Мамлекеттик коопсуздук  кеңешинин төрагалыгын жана куралдуу күчтөрдүн башкы командачы кызматтарын баласына өткөрүп береби же аларды өз колунда кармап калабы, бул да азырынча белгисиз. Эгерде аларды өткөрүп бербесе, баласы жалаң гана өкүлчүлүктүк  функцияны аткарган, реалдуу бийлиги жок бойдон калат.

Гурбангулы Бердимухамедов 64кө эми чыкты. Чоң саясат, чоң бийлик үчүн, бул - балалык курак. Назарбаев 79 жашында президенттиктен баш тарткан, АКШнын бешинчи улуу президенти делген Рональд Рейган 80ге чыккыча, Уинстон Черчилль, Ли Куан Ю ал курактан ашкыча иштешкен. Сексенди таяган Дж. Байден Россияны, ага кошо бүткүл дүйнөнү коркутууда. Саресепчилер Г.Бердимухамедов кант диабети дартынан жапа чеккендиги үчүн биринчи бийликтен баш тартканын айтышууда. Чындыгында ал учактарда узак жол жүргөндөн, эл менен жолугушкандан кыйналат окшойт. Бирок, эмнеси болсо да өлгүчө же төңкөрүш аркылуу кубалап чыккыча ал жерге жабышып отура бергенден көрө Г.Бердымухамедовдун чечими Азия өлкөлөрү үчүн үлгү боло турган жорук экенин ачык айтуу зарыл. Анткени, Азиядагы айрым өлкөлөрдүн бийлик башында басканга да шайы келбей калган 90го таяган карылар деле отурушат.

Сердар Бердимухамедов шайлоочулардын 97-98 пайыз добушу менен Түркмөнстандын президенти болуп шайланары эч кимде шек туудурбайт. Бирок, анын андан аркы кадамдары кандай болот? 2008-2012-жылдары Россиянын президенти болуп шайланган менен премьер-министр В.Путиндин көлөкөсүнөн чыкпаган, анын айтканын гана кылган Д.Медведевдей болуп, жөнөткөн жерине барып, алдына алып келген кагаздарга кол коюп жүрө береби же өз алдынча саясат жүргүзгөнгө аракеттенеби?

Биздин байкообузча, Гурбангулы Бердимухамедов бийликти кытайлардын ыкмасындай өткөрөт окшойт. Алсак, Кытайдын лидери алгач КЭРдин төрагасы, анан алты айдын ичинде Кытай компартиясынын Башкы катчысы болуп шайланат, анан дагы алты айдай убакытта Куралдуу күчтөрдүн Башкы командачысы болуп дайындалат. Атасы парламенттин Жогорку Палатасынын төрагасы же Президенттен кийинки экинчи кызмат ордун ээлеп турган соң, ал бир нече жылга чейин Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин төрагасы, башкы командачы болуп кала берет, качан баласы биринчи жетекчи катары таанылганда гана ал кызматтарды өткөрүп берет деп ойлоого болот.

Түркмөнстандын  жаратылыш газынын кору боюнча КМШда экинчи, нефтинин кору жагынан үчүнчү орунду ээлейт. Ал мурда табийгый ресурстарын  Россиянын кубурлары аркылуу Европага сатып байыган, Ашхабадды газдан алынган каражаттар менен жаңырткан. Бирок, Россия Түркмөнстанга өтө эле арзан бааларды сунуш кылып, ага макул болбогондо кубурларын бербей койгондон бери өлкөнүн экономикасы, социалдык чөйрөсү начарлай түшкөн. Бирок, ошондо деле бизге салыштырганда ички дүң жыйымы эки эсе көптүк кылат.Түркмөнстан газ, нефти ж.б. байлыктарын Кытайга, Каспий деңизи аркылуу  Европага өзү түз сатканга жетишсе, тез эле Борбордук Азиядагы экономикалык лидерлердин бирине айланат. Андай долбоорлорду ишке ашыруу аракеттери болууда, айрымдары ишке ашканы да калды. Россия өзү өндүргөн газдарын толук сата албай жатканда, Түркмөнстан үчүн альтернативдерди издегенден башка арга жок.           

Ошентип, мурдагы муундагы лидерлердин өлмөйүнчө кетпейм деп отура бергенден көрө, ыктыярлары менен бийликтерин балдарына болсо да өткөргөндөрү  жакшы көрүнүш. Мындай бийлик транзити жакында Тажикстанда болушу да күтүлөт. Бирок, мураскорлор жакынкы, алыскы өнөктөштөрү менен кандай саясат жүргүзүшөт? Аталарынан ашып кете алышабы же алардын алсыз бечара көлөкөлөрү бойдон калышабы?

Бир нече жылдарга чейин алардан жаңыча саясаты, чечимдерди күтүүнүн кажети деле жок, тактекелердин гана ролдорун аткарышат деп болжоого болот. Качан аталары ар кандай себептер менен бийликтен биротоло четтегенде гана уулдарынын ким экендери билинет.

Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити