Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 105

Кооптуу аймакта жашаган жарандар эвакуацияланат.

Бүгүн, 24-февралда саат 01:00дөр тарта Украинанын бардык аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, өзгөчө абал учурунда Украинадагы аскердик кызматка чакырылган жарандар жашаган жерин алмаштыра албайт. Аймактардан кирип-чыгуу катуу көзөмөлгө алынат.

Кооптуу аймакта жашаган жарандар эвакуацияланат. Жарандар аскердик техникалардын кыймылын сүрөт же видеого тартууга тыюу салынат.

Булак: bulak.kg