Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 181

Бишкек, "Саясат. kg". Алар бир гана өкмөттүк объектилерди кайтарат деп жатышат, бирок буга ишенүү кыйын.

Орус аскерлери Казакстанга учуп кетишти. Бул тууралуу казакстандык NEXTA Live каналы жазып чыкты. 

"Орус аскерлери Казакстанды карай учушту. Алар бир гана өкмөттүк объектилерди кайтарат деп жатышат, бирок буга ишенүү кыйын.

...Эгер алар бара турган жагында куру кол тосуп алышат деп ойлошсо, жаңылышат. Казактар - меймандос эл, түзөңдө баарына орун табылат", - деп жазды аталган канал. 

Казакстандын президенти Касым Токаев ЖККУга аскердик күч берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ага Россия менен Белорусия макул болгон. Тажикстан да "тынчтык орнотуу" ишине катышаарын жарыялады. Кыргызстан азырынча бир чечимге келе элек.